Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Өлкөдө вируска каршы каражаттар жана тест-системалар жетиштүү


Коронавирусту аныктоочу тест-системалар. Болгария. 5-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирусту аныктоочу тест-системалар. Болгария. 5-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдө вируска каршы каражаттар жана тест-системалар жетиштүү экенин билдирди. Учурда тогуз лабораторияда коронавирусту аныкташ үчүн анализдер текшерилип жатат. Алардын баары илдетти кыска убакытта аныктоочу тиешелүү лабораториялык каражаттар менен камсыздалган.

1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы лабораторияларды экспресс-тесттер, медикаменттер жана коопсуздукту сактоочу каражаттар менен камсыздоо зарыл экенин эскертти.

«Биз алтындай убактыбызды тесттин жыйынтыгын күтүү менен коротпошубуз керек. Бул иш дайыма токтоосуз жана үзгүлтүксүз жүрүүгө тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууну да тездетиши зарыл», - деп белгиледи Боронов.

Штабдын жыйынында дарыгерлердин көчмө бригадаларын транспорт жана ысык тамак-аш менен камсыздоону жакшыртуу да сунушталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация үчүн жаңы орундарды даярдоо тапшырылды. Ошондой эле медициналык кызматкерлерге айлык акысына кошумча төлөмдөрдү убагынан кечиктирбей төлөп берүү тиешелүү жетекчилерге милдеттендирилди.

Финансы министрлигине ИИМ, ӨКМ, Саламаттык сактоо жана Айыл чарба министрликтери аткаруучу иштерди каржылоону өз убагында жүргүзүү тапшырылды.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «Азаттыкка» кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG