Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Сариев апрель окуялары жөнүндө: Бардык эле үмүттөр актала бербейт экен


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата кайрылуу таратып, бул аралыкта кемчилик көп болгонун айтты.

«Апрель ыңкылабы өзүн актаган жок, шейиттер бекер эле жан беришти» деген пикирлер айтылып жатканын белгилеген Сариев мындай ири окуяларга тарых гана баасын берип, өзгөчөлүгүн да, өксүгүн да ачыкка чыгарарын кошумчалады:

«Албетте, кемчилик болбой койгон жок. Кемчиликтер көп. Бардык үмүттөр эле актала бербейт экен. Өткөн 10 жыл ичинде ишке ашышы керек болгон бир топ ири долбоорлор айрым адамдардын тар кызыкчылыгынан, саясий оюндардан улам аткарылбай калды. Биз бул үчүн ыңкылапты бирге ишке ашырган мекендеш, пикирлеш, замандаштардын алдындагы жоопкерчиликти азыр да сезип турабыз».

Бирок Сариев Кыргызстан туура жолго түшкөнүнө ишенерин айтып, «эң негизгиси - ар бир баскан жолубуздан, өткөргөн күнүбүздөн сабак алып, кечээки кемчиликти кайталабаганга аракет кылышыбыз керек» деди. Бул айрыкча бийлик башчыларына тиешелүү деген пикирин билдирди.

Туура 10 жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Ошол күнү оппозицияда жүргөн Темир Сариев мамлекеттик телеканалдын түз эфирине алкачкылардан болуп чыгып, өлкөдөгү жагдай тууралуу элге маалымат берген. Элдик толкундоодон кийин президент Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. 6-7-апрелде бийликке каршы нааразылык акциялары учурунда 100дөй адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG