Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Нарында коронавирус табылган адам обсервацияда жатканда үйүнө барып келгени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук ооруканага обсервацияга 22-мартта жаткан бейтап бир күнгө үйүнө барып келген. Коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдын мүчөсү Динара Жунусова бейтап үйүнө барган кезде анализи таза чыкканын «Азаттыкка» билдирди.

«Бул бейтап 22-мартта Казакстандан Нарынга келген. Дене табы жогору болуп, обсервацияга жаткырылган. Андан экспресс-анализ алганда таза чыккан. Ушундан улам ал 3-апрелде ооруканадан чыгарылган. Бирок Бишкекке жиберилген экинчи анализинин жыйынтыгы келгенде бул бейтап коронавирус жугузганы аныкталды. Азыр ооруканага кайра жаткырылган. Дарыланып жатат. Эми үчүнчү анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Балким анысы таза болуп калат».

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча сөз болуп жаткан бейтап - коронавирус илдети аныкталган Нарын облусундагы бешинчи адам.

Ал эми бейтап өзү Казакстандан келгенден кийин дене табы көтөрүлбөгөнүн айтууда. Бирок аны дарыгерлер карантинге алышкан. Бейтап "коронавирусту ооруканадан жуктуруп алышым мүмкүн" деп жатат.

Анткени ал жерде Пакистандан дааваттан келген, Нарындан алгачкы болуп коронавируска чалдыккан адам менен бир палатада чогуу жаткан. Бирок дарыгерлер 3-апрелде «анализиң таза экен» деп ооруканадан чыгарган күнү ал үй-бүлөсүнө, тактап айтканда аялы менен эки кичинекей баласынын жанында бир күн болгон.

Ал эми Нарын облустук ооруканасы сөз болуп жаткан бейтап коронавирусту кайдан жуктуруп алганы тууралуу маалымат берише элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG