Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Флай: «Азаттыктын» журналисттери коркутууга карабай өз ишин улантышты


Бишкектин борбордук аянтындагы «REакция 2.0» митингинин жүрүшүнөн, 18-декабрь, 2020-жыл.
Бишкектин борбордук аянтындагы «REакция 2.0» митингинин жүрүшүнөн, 18-декабрь, 2020-жыл.

«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деп аталган журналисттик иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.

«Азаттык» радиосу (RFE/RL), «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деп аталган журналисттик иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.

Иликтөө коомчулукка белгисиз уйгур кланына тиешелүү көмүскө карго империясы беш жыл бою Кыргызстанга, Орусияга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып, андан түшкөн жүз миллиондогон долларды АКШ, Түркия жана башка тараптарга чыгарып турганын көрсөткөн далилдерди топтогон.

Кыргызстанда адалданган акча Бириккен Араб Эмираттарынын, Европанын, Кошмо Штаттардагы банк эсептерине жана кыймылсыз мүлк алууга кеткени билинген.

Бул системада негизги ролду Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун барасы Райымбек Матраимов ойноп, кыргыз бийлигинин жооптуу кызматкерлери аркылуу ишке ашып турганы билинген.

Матраимов өлкөдөн жүз миллиондогон доллардын чыгарылышына тиешеси жоктугун билдирген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосунун журналисттери менен коррупцияга каршы баяндамаларды чыгарган OCCRP уюмунун күжүрмөн аракети кыргыз элинин ушунча байлыгын кантип уурдап кетишкенин көрсөтөт» - деди.

«Бул Эркин Европа/Азаттык радиосунун жана анын журналисттеринин өздөрүнүн өлкөсүндө элдин кызыкчылыгы жана мыйзам үстөмдүгүн тууралуу талбай маалымат таратып турганынын айкын мисалы. Ар кандай коркутууларга жана чабуулдарга карабай биздин журналисттерибиз өз ишин улантышты» - деп кошумчалады Флай.

Кыргызстандан акча адалдаштыруу менен алектенген көмүскө системанын бетин ачып берген Айеркен Саймаити былтыр ноябрда Стамбулдун чок ортосунда киши колдуу болгон. Ал андан мурун кабарчыларга Кыргызстандан элдин мүлкү кандай каракталып кеткенин көрсөткөн документтердин топтомун бергенге үлгүргөн.

Иликтөөнүн авторлорунун бири, «Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов «сени жок кылабыз» дегенге чейинки коркутууларга туш болду. Матраимовдор журналистти “жалган жалаа жапты” деп сотко берип, 10 миллион сом доо койду. OCCRP уюму белгилегендей, соңку 10 айда эле Матраимовдордун үй бүлөсү тууралуу жазган же ачык сындаган 12 киши коркутуп-үркүтүүгө кабылган.

OCCRP уюмунун негиздөөчүсү Дрю Салливан "мындай теманы көтөрүү – кооптуу жана баарына эле жага бербейт. Бирок “Азаттыктын” жана «Kloop» медианын журналисттери күбөнүн көзү тирүүсүндө андан маалымат алып калууга үлгүрүштү” – деп белгиледи.

Бул сыйлыкты уюштурган «Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму “бирөөлөр ачыкка чыгып кетпесин деп, ал үчүн адамдын көзүн тазалоого чейин барган ишти иликтөө – журналисттерге чындап коркунучтуу” деп баалайт.

Том Реннер атындагы сыйлыкты ыйгарган калыстар тобунун мүчөсү өз чечимин “мындай кылмыштуу схемалар көмүскөдө, айрыкча дүйнө анчейин назар салбаган жерлерде түзүлөт” – деп түшүндүрөт.

«Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму 1975-жылы түптөлгөн бейөкмөт мекеме. Уюм маалымат булактары менен иштөөдө, аны топтоодо тажрыйба алмашууну жана сапаттуу журналисттик иликтөөлөрдү өркүндөтүүнү колдойт.

Том Реннер атындагы сыйлык 28-августта Мэрилендде өтчү уюмдун жылдык конференциясында тапшырылат.

12-февралда Бишкекте «Азаттык» радиосуна, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын өнөктөшү «Kloop» медиа басылмасына Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ыйгарылган. Үч медиа мекеме Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн бул сыйлыкка татыган.

«Биз коррупционерлерден коркпойбуз»
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:10 0:00

Иликтөөдөн кийинки реакция

Журналисттик иликтөөлөр жарыялангандан кийин Бишкекте эки жолу коррупцияга каршы митинг өттү.

«#REакция» деп аталган алгачкы митинг Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 25-ноябрда өтүп, анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген чакырыктар менен чыккан.

Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, журналист Али Токтакуновдон, «Kloop» жана иликтөөнү басып чыгарган «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Матраимовдор менен үч медианын соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Мындан кийин жарандар 18-декабрда Бишкекте кайрадан «#REакция 2.0» тынчтык митингине чыгышты. Экинчи жолку акцияга сөз эркиндигин коргоо урааны да кошулду.

Иликтөөнүн изи менен

Былтыр 21-ноябрда Жогорку Кеңеш Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды иликтөөгө депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

31-январда өткөн депутаттык комиссиянын жыйынына "Азаттык Медиа" мекемесинин директору Айзада Касмалиева чакырылып, журналисттик иликтөөгө байланыштуу суроолорго жооп берген.

Былтыр 13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты. Бирок ушул күнгө чейин жооп келбегенин белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берген маалыматка ылайык, 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Финансылык чалгын кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөн.

Финансы полициясы Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарып кеткенин ырастады.

Ошентип журналисттик иликтөөлөрдө табылган далилдер да, өлкөнүн укук коргоо органдары улам чыгарган фактылар да "Бажыдагы миллиондор" ишине чекит коё элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG