Кыргызстандык IT инженерлер 3D форматындагы беткаптарды чыгарууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Эгер адистердин долбоору ишке ашса, коргонуу даражасы FFP3 болгон респиратордук беткаптар сатыкка чыгарыла баштайт. Баасы болжол менен бир даанасына 300-350 сом болот.
Кыргызстанда коронавирус илдетинен коргонуш үчүн беткап кийүү тууралуу талап коюлган. Беткап тагынбагандар айыппул төлөй турганын комендатура эскерткен. Кадимки бир жолу колдонуучу беткаптар мурда 3-5 сом болсо, коронавирус чыккандан бери 15-50 сомго жеткен. (RK)