Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Евробиримдик экономикалык жардам планында мунаса таба албады


Евробиримдиктин финансы министрлери коронавирустан жабыркаган өлкөлөрдү колдош үчүн экономикалык план тууралуу 8-апрелдин таңы атканча масилеттешкени менен мунаса таба алышкан жок. Евротоптун жетекчиси Марио Сентено «16 сааттык талкуудан кийин макулдашууга жакындаганыбыз менен бир чечимге келе элекпиз» деп «Твиттерге» жазды. Сүйлөшүү 9-апрелде уланмай болду.

Биримдиктин министрлери 7-апрелде видеоконференция уюштуруп, шаркеттин аймагында коронавирустун социалдык-экономикалык кесепетин талкуулай башташкан. Азыр 540 миллиард долларлык «коопсуздук пакети» караштырылып жатат. Ал негизинен европалык карыз фондун түзүүгө жумшалмакчы.

Уюмдагы вирустан катуу жабыркаган Италия жана Испания сыяктуу өлкөлөр өз мойнуна түшкөн карызды жалпы шаркетке чачууну суранышкан. Франция да мындай сунушту колдогону менен Германия, Нидерланд, Австрия, Финляндия сыяктуу өлкөлөр каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG