Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:44

Журналисттердин ишинин чектелиши сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча баяндамачылары коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалда жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши чектелишин сынга алышты. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө адамдын саламаттыгы медициналык жардамдан гана эмес, коопсуздук тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн да көз каранды экендиги айтылат.

Атайын баяндамачылар адамдын маалымат алуу укугу өкмөт журналисттердин ишин коргоого кам көрүшү керек дегенди туюндурарын белгилешти.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген.

Анын айтымында, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн талдоо себеп болгон.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG