Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 14:53

Каратаев: Тепловизорлор жаңыланат


Тепловизор менен адамдын дене табын текшерүү учуру. «Манас» эл аралык аэропорту. 18-март, 2020-жыл.

Колдо бар, эски тепловизорлор суук учурда адамдын дене табын туура эмес көрсөткөн учурлар бар. Ошондуктан алар жаңыланат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 9-апрелде брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кытайдан гуманитардык жардам катары жаңы тепловизорлор келген. Жакынкы күндөрү алар колдонууга киргизилип, санитардык-карантиндик постторго жаңылары берилет.

Чек аралардагы өткөрмө бекеттерде, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы карантиндик посттордо турган дарыгерлердин колундагы тепловизорлор бузук экенин айрым активисттер социалдык тармактарда жазып чыгышкан. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG