Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 14:56

Москвадагы карылар үйүндөгү өрттөн төрт киши каза болду


Москвадагы карылар үйүндө чыккан өрттөн бери дегенде төрт адам набыт болуп, 10 киши жабыркады.

«Новости» агенттиги кабарлагандай, 3-Мякинин көчөсүндөгү «Третий возраст» деп аталган карылар үйүндө өрт 8-апрелде кечки саат тогуз жарымдарда башталган. Кырсыкка электр зымындагы мүчүлүштүк себеп болгону айтылууда.

Кырсык башталганда 50 киши имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Дагы 18 кишини өрт өчүрүүчүлөр куткарган. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

Москванын мэри жабыркагандарга тийиштүү жардам берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG