Улуттук статистика комитети өз иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына таянып кабарлагандай, ун акыркы бир айда орто эсеп менен 1,5 сомго кымбаттады. Маалыматта айтылгандай, 2-мартта жогорку сорттогу ундун бир килограммы 42 сом турган. 8-апрелде баа 43 сом 50 тыйын болду. Эң кымбат ун Токмок шаарында сатылып жатканы байкалган, бул шаарда 1 кг жогорку сорттогу ун 52 сомдон сатылууда. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Ноокат шаарларында ун башка жактарга караганда кымбат сатылууда. Статистика комитетинин маалыматына караганда аталган шаарларда ундун жогорку сорту 1 кг 50-52 сом турат.
Эң арзан ун Нарын облусунун Жумгал районунда. Район борбору Чаекте 1 кг жогорку сорттогу ун 36 сом турат. Таластын Манас районунда 38 сом.
Бишкек шаарында жогорку сорттогу ундун 1 кг 40,28 сом турат. Бул 8-апрелдеги көрсөткүч. 2-мартта 39 сом 65 тыйын болчу.
Байкоочулардын баамында чыныгы иш жүзүндө ундун баасы бул көрсөткүчтөрдөн кымбат. Бишкек шаарындагы базарларда «Акун», «Яшар» фирмаларынын жогорку сорттогу уну 1 кг орто эсеп менен 52-55 сомдон сатылып жатат. «Фрунзе», «Глобус» сыяктуу ири соода борборлорунда жана менчик дүкөндөрдө баалар андан да жогору.
Кыргызстан буудайды жана унду негизинен Казакстандан экспорттойт. Пандемиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан 26-марттан тартып дан жана дан азыктарын сыртка сатууга тыюу салган. Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен казак тарап айына 30 миң тоннадан ашык эмес ун чыгарып турууга уруксат берген. (ZKo)