Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Баткенде 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды


Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.
Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл.

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды.
Аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлдү. Мындан тышкары карантинде турган учурда да алар медициналык жана башка тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушары эскертилди.

Учурда облустагы обсервацияда 337 жаран, ал эми изолятордо 82 адам бар.

Аларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жана Улуттук Кызыл ай коому тарабынан шарттар түзүлүп, ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын 9-апрелдеги маалыматына караганда, өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап илдеттен айыгып, үйүнө чыгарылды.

Стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда.

Ооруга чалдыккандардын жаш-курагы:

15 жашка чейинкилер – 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе
16 жаштан 19 жашка чейин – 11 адам;
20 жаштан 35 жашка чейин – 71 киши:
35 жаштан 55 жашка чейин – 101 киши;
55 жаштан улуулар – 67 адам. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG