Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

AI: Иран түрмөлөрүндөгү тополоңдо ондогон киши өлдү


Ирандагы түрмөлөрдүн бири.
Ирандагы түрмөлөрдүн бири.

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму Ирандын түрмөлөрүндө коронавируска байланыштуу тополоң учурунда 35 адам өлтүрүлгөнүн, ондогон адам жарадар болгонун 9-апрелде билдирди.

Акыркы күндөрү Ирандын кеминде сегиз түрмөсүндөгү миңдеген адам каршылык акцияларын улантып жатат. Алар абакта отурган учурда коронавирус жугузуп алабыз деп чочулоодо.

Ишенимдүү булактар менен камактагылардын жакындарынын маалыматтарына таянган укук коргоочу уюм түрмөдөгүлөргө ок атылып, аларга каршы жаш агызчу газ колдонулганын белгилөөдө.

«Бул жийиркеничтүү. Камактагылардын COVID-19 инфекциясынан коргоо тууралуу мыйзамдуу талаптарына жооп бергендин ордуна Иран бийлиги ооздорун жабуу үчүн кайрадан киши өлтүрүүгө барды», деп билдирет «Эл аралык мунапыстын» Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директорунун орун басары Диана Элтахави.

Ал ошондой эле тартип сакчылары тез арада «мыйзамсыз ажалдуу күч колдонууну токтотушу» керек экенин, болуп өткөндөрдү көз каранды эмес тараптар иликтеши зарыл болорун белгиледи.

Азырынча бул билдирүүгө Тегеран жооп бере элек.

Иран - коронавирустан катуу жабыркаган он өлкөнүн бири. 9-апрелге карата инфекция жуккандар бул өлкөдө 66 миңден ашты. Өлкө бийлиги пандемияга байланыштуу 85 миң кишини убактылуу абактан бошоткон.

XS
SM
MD
LG