Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Башкы санитардык дарыгер болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды


Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Бул кызматтын жетекчисин өкмөт башчы дайындайт.

58 жаштагы Үсөнбаев бул кызматка чейин 2016-жылдан бери Коркунучтуу жана карантиндик инфекция боюнча республикалык борбордун жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

9-апрелде башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу боюнча кызматтан кеткен. Маалыматка караганда, Исаков ден соолугуна байланыштуу өзү арыз жазган. Исаков министрдин орун басары болуп быйыл 29-январда дайындалган болчу.

18-марттан 9-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 280 адамга жукту, алардын төртөө каза болду. 280 бейтаптын 34ү медицина кызматкери. (TSh)

XS
SM
MD
LG