Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Өкмөт башчы ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды


Ош базары өзгөчө абалдын алгачкы күнү. Бишкек. 25-март, 2020-жыл.
Ош базары өзгөчө абалдын алгачкы күнү. Бишкек. 25-март, 2020-жыл.

Өкмөттүн буга чейин кабыл алынган биринчи кезектеги чаралар планында өзгөчө абал маалында бизнести сактап калууга жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансылык жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралар каралган. Мындан тышкары социалдык жактан аялуу элге жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Кеңешмеде өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донор уюмдар жана ыктыярчылар менен бирге аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

«Бизнеске салык, отчёт жана насыяларды төлөө жаатында бир топ жеңилдиктер берилди. Бирок, тилекке каршы, бардык жоготууларды жабыш үчүн өлкөдө мүмкүнчүлүк жок экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мындан тышкары мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу азайтуу зарыл экенин белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн, чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, бардык демилгелер азыркы кырдаалдын экономикага тийгизген таасири тууралуу талдоочулардын жана бизнес өкүлдөрүнүн сунуштарына негизделген.

Коронавирус пандемиясынын эпкини Кыргызстандагы ишкерликке да кедергисин тийгизип жаткандыктан өзгөчө кырдаалга байланыштуу өлкөдө тейлөө, жеңил өнөр жайы, соода жана өндүрүш дээрлик токтоду. Өкмөт ишкерлерди колдош үчүн болгон аракетин жумшап жатканын белгилеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG