Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

«Талибан» Ооганстанда банк кызматкерлерин өлтүрүп кетти


Кабулдагы өкмөт абактан бошотуп жаткан талибдер. 9-апрель, 2020-жыл.
Кабулдагы өкмөт абактан бошотуп жаткан талибдер. 9-апрель, 2020-жыл.

«Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын Борбордук банкынын беш кызматкерин өлтүрүп кетишти. Кылмыш өлкөнүн батышындагы Герат провинциясында болгонун жергиликтүү полициянын өкүлү Абдул Ахад Вализада жума күнү билдирди.

Анын айтымында, жоочулар банк кызматкерлерин уурдап кетип, 9-апрелдин кечинде атып салышкан.

Маалыматты Ички иштер министрлиги да ырастап, кылмыш үчүн талибдерди айыптады. Министрлик аталган кыймылдын жоочулары аймактагы мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинде аскерлерди уурдап кеткен учурлар буга чейин да болгонун белгиледи.

8-9-апрелде эле ооган өкмөтү абактагы 200 талибди бошотуп, 19 жылдан бери согушуп келаткан душманы менен өз ара тынчтык сүйлөшүүсүнө дилгирлигин көрсөткөн. Диалог башталгыча абактан дагы 1500 киши бошотуларына убада берилген.

Кабулдагы өкмөттүн абактарындагы 5 миң, талибдердин туткунундагы миң кишини бошотуу - февралдагы АКШ-«Талибан» мунасасындагы шарттардын бири. Ошондон кийин гана оогандар ынтымак сүйлөшүүсүн баштамак. Алгачкы жолугушуулар башталганы менен 7-апрелде талибдердин өкүлү аны «майнапсыз» деп баалап, сүйлөшүү токтогон.

XS
SM
MD
LG