Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Ошто оорукана жетекчилери орун алмашты


Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Шаятбек Абдурахманов менен атайын ооруканын директору Кыялбек Ташболотов орундарын алмаштырды. Маалыматты шаардык мэриядан тастыкташты.

Эки дарыгердин орун алмашуусу коомдук тармактарда кызуу талкууга алынууда. Анткени жаңы кызматка келген 41 жаштагы Кыялбек Ташболотов президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин кадры, тактап айтканда бажасы экени айтылууда. Бул жөнүндө журналист Арген Нуров да өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. "Азаттыктын" ишенимдүү булактары Ташболотов Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин жакын санаалашы экенин да билдиришти.

Кыялбек Ташболотов 2003-жылы облустук ооруканада жөнөкөй врач болуп иштеп баштап, 2012-жылы шаардагы атайын ооруканада орун басары, 2015-жылдан тарта жетекчиси болгонун "Ош шамы" гезитине айтып берген.

Ал эми Шаятбек Абдурахманов жөнүндө Интернеттеги ачык булактарга таянсак, эмгек жолун Оштогу облустар аралык ооруканасында дарыгер кийин медициналык колледжин, андан соң шаардык клиникалык ооруканасын жетектеп келген.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG