Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 100 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 11-апрелге карата COVID-19 вирусу 1,7 миллион кишиге жукту. Бул илдеттен 102 миңден ашык адам каза болду.

Испания, Франция, Италия, Британияда вирустан күн сайын жүздөгөн адам өлүп жатат. Ушул күнгө чейин Европада 64 миң адам коронавирустан көз жумду.

АКШда 18 700 киши COVID-19 вирусунан каза болуп адам өлүмү боюнча Италияга жакындап калды. Вирусту жуктургандар 500 миң кишиден ашты. Бул дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүч.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. 44 бейтап айыгып чыкты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG