Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Абылгазиев: Карантинди токтотконго болбойт


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус жуккандар менен байланышта болгон акыркы адамды аныктамайынча, карантинди токтотконго болбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-апрелде республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы адамдар ортосундагы байланышты минималдаштыруу – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин белгиледи.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын байланыштары боюнча акыркы киши такталмайынча, карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемия учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек», - деди Абылгазиев. Өкмөт премьер-министр өзгөчө абал же кырдаал боюнча сөз кылып жатканын тактаган жок.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00 - 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.

COVID-19 вирусу жуккандардын 51и медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG