COVID-19 вирусунан көз жумган 59 жаштагы аял март айында Сауд Арабиясынан келген. Коронавирус аныкталгандан кийин 25-мартта ооруканага жаткырылып, 31-мартта жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Ал 11-апрелде каза болду.
Өзбекстанда 12-апрелге карата вирус 767 кишиден табылып, 42 бейтап айыгып чыкты.
Казакстанда жекшебидеги маалымат боюнча коронавирус 880 адамдан табылды. 81 киши сакайып, 10 адам каза болду. Вирус жугузуп алгандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында жашайт.