Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Баткен: Интернет жок конуштагы балдарды аралыктан окутуу маселеси каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун аймагында Интернет жок эки калктуу конуштагы 175 баланы жана үйүндө телевизору жок окуучуларды аралыктан окутуу маселеси каралып жатат.

Баткен облустук мугалимдердин усулдук борборунун жетекчиси Мээринса Айжигитова балдардын билим алуусу үчүн жергиликтүү бийлик жана уюк операторлору, «Кыргызтелеком» ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Кадамжай жана Баткен район аймагында мобилдик да, кабелдик да интернет жете элек эки айыл калган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги IV чейректи окутууну 8-апрелден тартып онлайн жүргүзө баштаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG