Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Новосибирскидеги кыргызстандыктар Бишкекке уча албай жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Новосибирск шаарында 300гө чукул кыргызстандык Бишкекке дагы эле уча албай жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна жүргүнчүлөрдүн бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран билдирди.

Анын сөзү боюнча 27-мартка жана 2-апрелге учакка билет алган 300гө жакын кыргызстандык келчү каттам төрт жолу үзгүлтүккө учурады. Осмоналиев алар 27-мартка билет алышканын, кийин каттам үч жолу жылдырылып, акыркы жолу 11-апрелге белгиленген каттам да болбой калганын айтты.

«Алты киши Новосибирскиде өз чөнтөгүбүздөн акча төлөп батирде жашап жатабыз. Кээ бирөөлөр тааныштарынын үйүндө. 132 адам бир уюм тарабынан мейманканаларга убактылуу жайгаштырылды. Калганыбыз ар кайсы жактабыз. Новосибирск шаарындагы консулдук бизге так жооп бере элек. Маселе кандай чечилип жатканын билбейбиз», - деди Осмоналиев.

Ал Новосибирскиде аэропорттун транзиттик зонасында да бир нече күн калып калышканын, аба майдандын жетекчилиги менен сүйлөшүп шаарга чыгышканын кошумчалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда калган кыргызстандыктар тууралуу жооп бере элек.

31-мартта коронавируска байланыштуу Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG