Быйыл январь-март айларында Кыргызстанда экономикалык өсүш 1,5% түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9% төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.
Бул тууралуу 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгондо айтты.
Экономика министри Санжар Муканбетов буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында быйыл экономикада 5% өсүш болот деп болжолдонгонун, бирок өзгөчө абал улана берсе, 6,8% пайыз минуска кетерин айткан.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-апрелде коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыян тартканын билдирди.
Финансы министрлигинин алдын-ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн. (BTo)