«Саясий репрессияларга каршы комитет» Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин чектелишин мыйзамсыз деп баалады. Ушундан улам жарандар бейтарап, ыкчам маалымат алуу укугунан ажырап калышканы айтылат.
Комитет айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилгенден бери расмий органдар өлкөдөгү чыныгы абалды жашырып, бурмаланган маалыматтарды берип жатканы белгиленген.
Көйгөйдү ачык айтып чыккан дарыгерлер менен адамдар басымга кабылып, коомчулук алдында кечирим суроого мажбурланып жатканы жазылган.
«Мисалы, Ысык Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери Бектур Апышев «Твиттердеги» баракчасына дарыгерлерге коргоочу каражаттар жетишсиз экенин жана транспорт менен камсыз болбогонун жазган. Коронавирус жугуу коркунучунда иштеп жаткан дарыгер баракчасын өчүрүп, буга чейин айткандарын четке каккан видео кайрылуу кылганга мажбур болду», - деп айтылат билдирүүдө.
«Саясий репрессияларга каршы комитет» бийлик маселени чечүүнүн ордуна аны айтып чыккандардын оозун жаап жатканын билдирип, убагында берилген так маалымат миңдеген адамдын өмүрүн сактап каларын эскертти.
Мындан бир аз мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тарады. Ушул тапта соцтармактарда «Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду» деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине тышка чыгып иштешине тыюу салынган. Кыргызстандын медиа коомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылып, өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуунун жолун сунуш кылган. Азырынча жооп боло элек. (BTo)