Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Халилзад: абактагыларды бошотуу - тынчтыкка жетүүдөгү «маанилүү кадам»


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Кабул шаарында. 9-март, 2020-жыл.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы жана «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзгөн Залмай Халилзад ооган өкмөтү менен куралдуу топтордун ортосунда абакта отургандарды алмашууну тынчтыкка жетүүнүн «маанилүү кадамы» деп баалады.

13-апрелде Халилзад «Твиттердеги» баракчасына: «Эки тарап тең АКШ менен «Талибан» кол койгон макулдашууда белгиленген максатка жетиш үчүн болгон күчтү жумшашы керек» деп жазды. Атайын чабарман коронавирус жайылып жаткан кезде «түрмөдө отургандардын коопсуздугу коркунучта» экенин кошумчалады.

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин маалыматына караганда, 12-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында «Талибан» кыймылы 200 ооган туткунду бошотту. Анын алдында ооган өкмөтү 100 талибди түрмөдөн чыгарды. 8-апрелден бери «Талибандын» түрмөдө отурган 300 мүчөсүнө эркиндик берилди.

АКШ эки тарапты элдештириш үчүн сүйлөшүү да баштап, быйыл февралда Вашингтон менен «Талибан» мунасага келишкен. Ага ылайык, АКШ Ооганстандагы аскер күчтөрүн чыгарып кетип, талиб жоочулары куралын таштоого тийиш. Ошондой эле элдешүү үчүн сүйлөшүү эми ооган өкмөтү менен талибдердин ортосунда жүрмөк. Ал үчүн «Талибандын» 5 миң тарапташы абактардан чыгарылып, миң киши талибдердин туткунунан бошотулушу керек эле.

XS
SM
MD
LG