Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

«Бир дүйнө - Кыргызстан» кыйноо боюнча баяндамасын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму 2019-жылдын кыйноо боюнча баяндамасын жарыялады. Уюмдун маалыматына караганда, бир жылда жардам сурагандардан 153 арыз түшкөн. Бирок кыйноого кабылгандардын көбү жабык жайларда отургандыктан арыздардын 60% алардын жакындарынын атынан жазылган.

Укук коргоочулардын белгилешинче, Кыргызстанда кыйноонун эң негизги түрлөрүнө электр тогу, желим баштык менен тумчуктуруу, колу-бутун байлап сабоо ыкмалары кирет. Кордолгондор башынан жараат алып, мээси чайкалат, дене-башы жабыркайт. Алардын арыздарын мамлекеттик тийиштүү органдар жакшы карабайт. Кыйноого кабылгандардын арасынан аялдарга караганда эркектер эки эсе көп.

Былтыр АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялап, Кыргызстанда адам укуктары жагынан өзгөрүүлөр аз экенин жазган.

Кыргызстандагы Кыйноого каршы улуттук борбор кыйноо тууралуу маалыматтарга жарым-жартылай кошуларын билдирип, жабык жайларда мындай көрүнүш азайганын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG