Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Президентке өзгөчө абал режимин узартуу сунушталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб президент Сооронбай Жээнбековдон Кыргызстандагы айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунуш киргизди.

Бул тууралуу 13-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда белгилүү болду.

Боронов мындай чара эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен шартталганын айтты. Реагенттин жоктугунан баштапкы анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын белгилеген Боронов азыр алардын жыйынтыгы толук алынганын, ошого жараша ооругандардын саны да көбөйүп жатканын айтты. «Акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин» белгиледи.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абалдын шартында түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүзү дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты. 419 адамдын 79у медицина кызматкери. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (42)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG