Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Президент Эрдоган ички иштер министрин кызматтан кетирбей койду


Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу. 5-март, 2020-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ички иштер министри Сулейман Сойлунун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Сойлу эки күндүк коменданттык саат киргизгени үчүн сынга кабылган соң кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын «Твиттер» аркылуу маалымдаган. Түркияда коменданттык саат жума күнү кечинде, күчүнө кирерге бир нече саат гана калганда жарыяланган. Ушундан улам элдин баары дүкөндөргө чуркап, узун кезектер пайда болгон. Оппозиция өкмөттүн мындай чечими «коронавирустун жайылуу коркунучун күчөткөнүн» айтып, Сойлунун ишин сындаган.

Түркияда эки жума мурун пандемияга карабай Стамбулдагы каналдын курулушуна тендер өткөргөнү үчүн транспорт министри кызматтан кеткен. Түркияда коронавирус жуккандардын саны 57 миң кишиге, жугуштуу илдеттен каза тапкандардын саны 1200 адамга жакындады.

Түркияда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстанга уча албай калган 300дөн ашуун жаран өз мекенине жетет албай, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG