Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Лукашенко: Беларуста коронавирустан эч ким өлгөн жок жана өлбөйт


Александр Лукашенко. Вена. 12-ноябрь, 2019-жыл.
Александр Лукашенко. Вена. 12-ноябрь, 2019-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирустан эч ким өлбөгөнүн жана мындан кийин да өлбөй турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги жазды.

Лукашенко COVID-19 диагнозу коюлгандан кийин каза болгон беларустар коронавирустан эмес, өнөкөт ооруларынан улам көз жумушту деп эсептейт.

«Коронавирус кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары сыяктуу көптөгөн өнөкөт илдеттерди козгойт. Биз Кытайдын, Американын жана Европанын тажрыйбасына таянып, кандай иштеш керек экенин көрүп жатабыз, адамдарды коргош үчүн дарылардын комбинациясын таптык. Эгер бейтаптар өздөрүн таштап койбосо, сөзсүз айыгып чыгышат», - деди Лукашенко.

Буга чейин беларус президенти коронавируска каршы бир аз арак ичип, мончого баруу пайдалуу болорун айткан.

Беларустун Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 13-апрелге карата өлкөдө коронавирус инфекциясынан 29 киши өлдү. Жалпы вирус жуккандар дээрлик үч миң кишиге жетти.

Ошол эле кезде Беларус Европадагы карантин киргизбеген жана массалык иш-чараларды токтотпогон аз өлкөлөрдүн бири. Ушу тапта пандемияга карабастан, өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты уланууда.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беларус бийлигине кайрылып, өлкөдө коронавирус инфекциясы күч алып кетиши ыктымал экенин эскертип, ооруканаларды талаптагыдай деңгээлде даярдоого, ошондой эле массалык иш-чараларды, анын ичинде 9-майга карата пландалган Жеңиш парадын токтотууга үндөгөн.

Жооп катары Беларустун Коргоо министрлиги парад өз убагында өтөрүн, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө карантин киргизүү зарылдыгы жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG