Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жарандар менен дарыгерлердин укугун коргоо боюнча кол топтоо башталды


Дизайнер Нурбек Насыранбековдун «Кыргыз дарыгеринин портрети» аттуу сүрөтү. Анда Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев тартылган.
Дизайнер Нурбек Насыранбековдун «Кыргыз дарыгеринин портрети» аттуу сүрөтү. Анда Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев тартылган.

Кыргызстанда Башкы прокуратурадан дарыгерлер менен жарандардын укуктарын тебелеген мамлекеттик мекемелердин үстүнөн иликтөөнү талап кылган онлайн кол топтоо башталды.

Анда коронавируска каршы күрөштө Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Финансы министрлиги мыйзамдарды одоно бузуп жатканы жазылган.

Петицияда: 1) Пандемияга каршы күрөш үчүн келген насыя жана гранттарды бөлүштүрүү ачык болсун. Кенемте төлөп берүү иштерине жарандык коом менен эркин жалпыга маалымдоо каражаттары катышсын. 2) Башкы прокуратура УКМК, Саламаттык сактоо министрлиги жана Финансы министрлиги Конституцияда кепилдик берилген беренелерди бузуп жатышканын териштирсин. 3) Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын жана дарыгерлердин ден соолугун коргоо боюнча кодекс иштеп чыксын деген талаптар коюлган. Ушу тапта онлайн кол топтоого 400гө жакын киши кол койду.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал жарыялангандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «фейк жана жалган маалымат таратты» деген негизде 20дан ашуун адамды кармады. Атайын кызмат кармалгандар туура эмес маалымат таратканын айтып, элден кечирим сураган видеолорун жарыялап жатат. УКМКнын бул иш аракети коомчулуктун сынына кабылды.

Ал эми коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG