Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Вирус жуккан дарыгерлер жалпы ооругандардын 18,5% түзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-апрелге карата жалпы 83 медицина кызматкери вирус жугузганы аныкталган. Бул жалпы 430 бейтаптын 18,5%. Оору жуккан медицина кызматкерлеринин 26сы дарыгерлер, 35 орто медициналык кызматкерлер, 22си техникалык кызматкерлер, ашпозчулар жана айдоочулар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-апрелде парламент комитеттеринин жыйынында маалымат берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, чек арачылар жана блокпосттордо турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери вируска текшерилген. Шектүүлөрү табылган эмес.

«Обсервацияларда, блокпосттордо иштеген бардык кызматкерлерди улам текшерип, андан ары карантинге жиберилип жатат», - деди Кубатбек Боронов.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Алардын ичинен сегизи - Бишкекте, бирөө - Чүй облусунда, экөө - Жалал-Абад облусунда табылган.

Жалпысынан 18-марттан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 430 адамга жетти, бешөө каза болду. 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG