Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Депутат Бакчиев: Өткөрмө кагаздын мөөнөтүн гана узартып бериш керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандарды кайра башынан өткөрмө кагаз алыш үчүн чуркатып, убара кылуунун кереги жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев 14-апрелде парламент комитетинин жыйынында айтты:

«Өзгөчө абал узартылат деп атасыңар, узартылса, мурда берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтүн да узартып бергиле. «Кайра алгыла» деп кыйноонун кереги жок. Ансыз деле алар карантинде үйдө отуруп, иштей албай, кыйналып жатышат. Угуп жатасыздар, үй-бүлөлүк зомбулук катталып жатат. Элге жакын болуп, эл менен иштегиле».

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Мөөнөтү 15-апрелде аяктай турган өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө сунуш менен өкмөт президентке кайрылган. Бул маселени 15-апрелдеги жалпы отурумунда Жогорку Кеңеш да карай турганы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG