Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттери жыйынга чогулат


ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттердин желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекет башчылары 14-апрелде жыйынга чогулат.

Анда коронавируска каршы биргелешип күрөшүү, экономиканы чогуу сактап калуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев парламент комитетинде депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып маалымдады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу уюмдагы өлкөлөр чек араларын жапкан. Ошондон улам адистер Казакстан менен Орусияда иштеген мигранттар мекенине келе албай калышканын, андан тышкары бул жагдай экономикага да терс таасири тийип жатканын айтып жатышат.

Казакстан 26-марттан тартып дан жана дан азыктарын экспорттоого тыюу салган, анын ичинде ЕАЭБдин мүчөлөрү да бар.

Кыргызстандын «Кыргызгаз» ишканасына ээлик кылган Орусиянын «Газпром» ишканасы АКШ доллары кымбаттады деген жүйө менен көгүлтүр оттун баасын көтөрдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG