Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Орусиянын Большой театрынын 30дан ашык кызматкери коронавирус жугузуп алды


Орусиянын Большой театры.
Орусиянын Большой театры.

Орусиянын Большой театрынын башкы директору Владимир Урин өпкөнү сезгенткен жаңы вирус театрдын 34 кызматкеринен аныкталганын билдирди. Алар пандемияга каршы күрөшүп жаткан дарыгерлердин урматына арналган «Биз биргебиз» аттуу концертти уюштуруу иштеринен четтетилди. Урин буга чейин алардан кандайдыр бир оорунун белгилери байкалбаганын, карантинге алынганын маалымдады.

Большой театрынын сахнасындагы «Биз биргебиз» аттуу алгачкы концерт 11-апрелде көрүүчүлөрсүз, онлайн өткөн. Ага эки күн калганда уюштуруу иштерине катышкан бардык адамдар коронавируска байланыштуу тест тапшырган.

Соңку маалымат боюнча, Орусияда бул илдет 21 миңден ашык адамдан табылды. Коронавирустан 170тей киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG