Нарын облусуна караштуу Жумгал районуна Бишкектен дарыгерлердин кошумча тобу барат. Бул тууралуу 15-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Буга чейин коронавирустун алдын алуу жана дарылоо үчүн Ат-Башы районуна Бишкектен төрт дарыгерден турган бригада барган, эми андай зарылчылык Жумгалда да пайда болгону айтылды.
Үсөнбаев: «Бүгүнкү күндө Жумгал районунда да ошондой муктаждык чыккан. Ал жерге да дарыгерлердин тобун топтоп, жөнөткөнгө аракет кылабыз», - деди.
15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 449 адамдан табылды, алардын 34ү Нарын облусунда.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен коронавируска байланыштуу 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген. (RK)