Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:22

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдук берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-апрелде парламент жалпы отурумунда оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына макулдугун берди.

Президент бул тууралуу жарлыгын 14-апрелде чыгарып, Жогорку Кеңешке бекитүүгө берген.

Жаңы бекитилген жарлыкка ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын убактысы эки саатка кыскарды. Ага ылайык, саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG