Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

ӨКМ: Үшүк жана сел жүрүү коркунучу бар


Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктер жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, айрым жерлерде үшүк жүрөрүн, ал эми кээ бир аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Гидрометеоборбордун маалыматына караганда, 17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк, 18-19 апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк жүрөт. Абанын муздашы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө кооптуу.

Ал эми 16-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолундагы Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек автожолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү пайда болуп, кар көчкү түшүшү ыктымал. Айрым жерлерде жолго муз тоңуп, тайгак болот.

Ошондуктан адистер автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл экенин эскертишүүдө.

Нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG