Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Самаркандда Ислам Каримовдун коопсуздугу үчүн курулган дубал буздурулат


Дубал шаарды экиге бөлүп турат.
Дубал шаарды экиге бөлүп турат.

Өзбекстандын Самарканд облусунун бийлиги Ислам Каримов бийликте турганда анын демилгеси менен 2006-жылы курулган дубалды буздурганы жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына облустун маданият боюнча башкармалыгы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, дубал убагында коопсуздук максатында гана, Ислам Каримов аянтта сүйлөп жатканда ар кандай кол салуунун алдын алыш үчүн эле курулган жана эч кандай маданий баалуулугу жок.

Бийиктиги үч метр дубал тарыхый Регистан аянтын шаардын эски бөлүгүнөн тосуп турат жана ушундан улам эл арасында «Самарканд дубалы» деп каймана ат менен да аталат.

Регистан аянты - Борбор Азия чөлкөмүндөгү тарыхый аянттардын бири. Анын үч тараптан Улугбектин медресеси (1417-1420), Шер-Дон медресеси (1619-1636) жана Тилля-Кари медресеси курчап турат.

Бул аянт 2001-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG