Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

«Талибандын» чабуулунан ооган өкмөтүнүн тогуз жоокери мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы өлкөнүн чыгышындагы Логар провинциясынын Чарх районундагы аскердик бекетке түн жамынып кол салганын билдирди. Министрликтин басма сөз өкүлү Фавад Аман ооган армиясынын тогуз жоокери окко учканын, талибдер да олуттуу жоготууга учураганын айтты. Бирок жоочу деп шек саналган канча адам өлгөнү азырынча белгисиз.

«Талибан» бул кол салууга байланыштуу комментарий берген жок. Талиб жоочулары АКШ менен түзүлгөн тынчтык келишимине карабай аймактагы чабуулдарын токтото элек.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болду. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG