Түркиядан Кыргызстанга келе албай жаткандар дагы эле көп. Бул тууралуу «Азаттыкка» Измит шаарында жашаган, өзүн Чолпон Болотбекова деп тааныштырган кыргызстандык кыз 17-апрелде билдирди.
Ал Бишкекке уча тургандардын тизмесинде болгонун, бирок 17-апрелге караган түнү Кыргызстанга жөнөгөн учакка жетишпей калганын айтып, бул үчүн элчиликти айыптады:
«Элчиликке чалсам, алар «Вотсапты» жаңы эле жандырганын, баарына маалымат берилгенин айтышты. Кызматкерлер уюштуруу ишин жакшы жүргүзүшкөн жок деп эсептейм. Эртерээк айтып коюшпагандыктан биздин көп жараныбыз калып калды. Жетишип калгандар, сыягы, Стамбулдун өзүндө же аэропортто болчу окшойт. Бул жакта жумушунан чыгып алгандар, акчасы жок отургандар аябай көп. Эч болбогондо 5-8 саат эртерээк айтып коюшса аэропортко каттоого жетишип калмакмын».
Айрым маалымат каражаттары Түркиядан дагы учак уюштуруларын жазышты. Бирок элчилик да, Тышкы иштер министрлиги да бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Стамбулдан 212 жүргүнчүнү алып келе жаткан учак Бишкекке бүгүн 17-апрелде түштөн кийин конот деп пландалууда.
Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын көйгөйү 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болду.
Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371, анын арасында Түркиядан 487 адам келе албай жатканын билдирген. (RK)