Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Тактап айтканда, Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери чек арадагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Санитардык-карантиндик посттордо айылга кирген автоунааларды дезинфекция кылып жатышат. Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.
Тажикстандын расмий органдары өлкө аймагында коронавирус менен ооругандар жок экенин айтып келет. (TSh)