Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык бир дарыгери үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган. Учурда дарыгер жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, таза болуп чыкты. Буга чейин Ленин районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги оорукананын кызматкерлеринин жана калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишкен.
Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлдү. 19-апрелден баштап №13 үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык тартипте иштей баштайт. (TSh)