Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:24

COVID-19 илдетинен улам Өзбекстанда велосипед тебүүгө тыюу салынды


Фергана облусундагы жолдордун биринде велосипед тээп бараткан адам.

Коронавирустан улам Өзбекстанда велосипед тээп жүргөндөрдөн үч түрдүү документ талап кылынат. Алар - паспорт, иштеген жеринин күбөлүгү же эмгек дептерчесинин көчүрмөсү жана карантинде да жумушка чыгышы зарыл экенин далилдеген справка. Андай документтери жоктор "карантин эрежесин бузган" деп жоопкерчиликке тартылат.

Бул тууралуу Өзбекстандын ички иштер министринин басма сөз кызматы 17-апрелде кабарлады.

Өзбекстанда 18-апрелдеги расмий кабарга ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар 1450 кишиге жетти. Алардын 156сы сакайып, төртөө жашоо менен кош айтышты.

Өкмөт Ташкент облусунун Жогорку Чырчык жана Зенги-Ата райондорунда коронавируска каршы бейтапканалар курулуп бүткөнүн кабарлады. Наманган облусунда да ушундай оорукана курулууда.

XS
SM
MD
LG