Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Кыргызстанда коронавирус аныкталган дарыгерлердин саны 134кө жетти (видео)


19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Алардын ичинен 18и медицина кызматкерлери. Булардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, экөө Ош облусунда, үчөө Ош шаарында, төртөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Баткен облусунда, төртөө Нарын облусунда иштеген медкызматкерлер. Ошону менен жалпы 134 дарыгерден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. 19-апрелде илдети аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG