Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Медкызматкерлердин сунуш-талаптары үчүн онлайн-ресурс ишке кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штаб Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо максатында интернет-ресурс ишке киргенин маалымдады. Интернеттеги http://med.tunduk.kg/ сайты аркылуу кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары, ар кандай жабдуулар, дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө билдирүү калтыра алышат. Ошондой эле республикалык штабга өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысы тууралуу көйгөйлөр менен кайрылса болот.

Түшкөн арыздардын кароо мөөнөтүн жана маселелерди чечүү тартибин штаб аныктайт.

Социалдык тармактарда дарыгерлер жеке коргонуучу каражат, айлык маселеси сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатканы айтылып жатат. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги бардык көйгөй өз убагында чечилип жатканын билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG