Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Өзбекстан менчик клиникаларды коронавируска каршы күрөшкө тартат

Өзбекстанда жеке менчик медициналык клиникаларга 2020-жылдын 1-сентябрына чейин коронавируска тест алууга уруксат берилди.

Коронавируска каршы күрөшкөн атайын республикалык комиссиянын чечимине ылайык, бул милдетти төрт медициналык борбор аткарат.

20-апрелге карата Өзбекстанда COVID-19 инфекциясынан жабыркагандар 1565 кишиге жетти. Алардын бешөө көз жуумп, 225и айыгып чыкты.

Өлкөдө карантин 10-майга чейин узартылды.

XS
SM
MD
LG