Эл аралык соода-сатыкта мунайдын баасы кайрадан төмөндөй баштады. Дүйшөмбүгө карай америкалык «West Texas Intermediate» 20% арзандап, бир баррели 15 долларга түштү. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү баа.
Ал эми Орусияны «Urals» маркасы 23 долларга түшсө, дүйнөдөгү эң популярдуу «Brent» мунайынын бир челеги 27 долларга чейин арзандады.
Мунай баасынын төмөндөшү коронавирус пандемиясынан улам дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга байланыштуу болуп жатат.
Бааны көтөрүш үчүн бир апта мурда Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) жана постсоветтик мунайчылар өндүрүштү чектөөнү макулдашкан эле. Кара майдын арзандашы андан көз каранды өлкөлөргө, анын ичинде Орусия менен Казакстандын экономикасына, улуттук акчасына терс таасир этүүдө.