Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Иран коронавируска байланышкан чектөөлөрдү алууда


Тегерандын Чоң базары. Сүрөт 2020-жылдын 18-мартында тартылган.
Тегерандын Чоң базары. Сүрөт 2020-жылдын 18-мартында тартылган.

Иран коронавирус жайылышына байланыштуу киргизген айрым чектөөлөрүн алууну улантууда. 20-апрелден тартып шаар аралык кан жолдор жана соода борборлору, анын ичинде Тегерандын башкы Чоң базары ачылды.

Ал эми ресторан, спорттук машыгуу залдары жабык бойдон турат.

Расмий маалыматка караганда өлкөдө коронавирус жуккандар 80 миңден ашып, алардын 5 миңден ашууну көз жумду. Ошол эле учурда Иран парламенти COVID-19 кесепетинен өлгөндөр эки эсе көп болушу, оору жуккандардын саны азайтылып көрсөтүлүшү ыктымал экенин билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда, Иранда жумушсуздук 20% жетип, инфляция 40% түздү. Өлкө акыркы жылдары Батыштын экономикалык санкцияларынан жабыркап келет. «Терроризмди колдойт, аймактагы коңшу өлкөлөргө ыдык көрсөтүүдө, өзөктүк макулдашуунун шартын бузду» деген негизде АКШ Ирандын мунай экспортун нөлгө түшүрөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG