Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Өкмөт аз камсыз болгондор үчүн 122 млн. сом бөлдү


Гуманитардык жардам катары таратылган ун. 6-апрель, Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Гуманитардык жардам катары таратылган ун. 6-апрель, Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын сөзүнө караганда, өкмөттүн чечими менен калктын аяр катмарын колдош үчүн бөлүнгөн 122 млн. сомдун ичинен ар бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалып, жеткирилет.

Мындан тышкары, учурда чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай калган мекендештерди колдоо, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарт түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында 15 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинде 5 млн. сом Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилик, ал эми 10 млн. сом Орусиядагы элчилик аркылуу берилет. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталган.

Кубатбек Боронов жыйында тийиштүү кызматтарга үй-бүлөдөгү зомбулуктун жана жарандардын суицидге баруусунун алдын алууну да тапшырды.

Штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге карата кошумча төлөмдөр, алардын жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышы боюнча коомдо көтөрүлүп жаткан маселелер талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн түшкөн жардам жөнүндө маалыматтар ачык экенин, бардык гуманитардык жардамды жана аны бөлүштүрүүнү онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын платформа иштелип чыкканын эске салды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсептерге келип түшкөн акча тууралуу https://help.covid.kg сайтындагы 21-апрелдеги маалымат:

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 129 млн. сом келип түшкөн, андан 19,2 млн. сому сарпталган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 15,1 млн. сом келип түшкөн, андан 13,3 млн. сому иштетилген.

Бишкек мэриясынын эсебине 3,3 млн. сом келип түшкөн, андан 2,6 млн. сом сарпталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG