«Uzbekistan Airways» компаниясы жүргүнчү ташыган бардык «Boeing-767-300-ER» учактарын жүк ташуучу «Boeing-767-300-PTC» кылып өзгөртөт.
Пандемияга байланыштуу Өзбекстанда эл ташыган авиакаттамдар токтотулганына жана жүк ташууга муктаждык күчөгөнүнө байланыштуу компания ушундай чечимге келди.
«Азаттыктын» өзбек кызматы бул уюмдун маалыматына таянып билдиргендей, эконом класстагы отургучтар алынып салынып, 20 тонна жүк ташууга ылайыкташтырылат.
Учактарды өзгөртүү «Boeing» компаниясынын документеринин негизинде ишке ашырылат. Аны Өзбекстандын Транспорт министрлигине караштуу Авиация администрациясы тастыктады.
Бирок компаниядагы учактардын саны боюнча маалымат айтылган жок.
Өзгөртүлгөн учактардын алгачкы каттамы 21-апрелге пландалган.
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө