Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

WTI мунайынын арзандашы башка товарларга таасир этүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык WTI үлгүсүндөгү мунайдын май айында жеткирилчү бөлүгүнүн баасы тарыхта биринчи ирет адегенде 1 центке, андан соң нөлдөн да төмөн түштү. Тактап айтканда, 21-апрелге оогон түнү жетишилген келишим менен мунайдын бул түрүн сатып алгандарга бир баррелине 37,6 доллардан кошо төлөнүп берилет.

Муну менен мунайчылар май айы үчүн өндүргөнүн сатып түгөтүүгө аракет кылууда. Анткени коронавирус пандемиясына байланыштуу кара майга суроо-талап кескин азайып, кардар жоктугунан өндүрүлгөн товар резервуарларга батпай калуу коркунучу жаралды. «Reuters» агенттиги Оклахома штатындагы WTI сакталуучу Кушинг кампасы май айында жык толорун маалымдаган.

Ошол эле учурда WTI мунайынын июнь айында жеткирилчү бөлүгү да азыраак арзандаганы менен биржада 20 доллардын тегерегинде сатылууда.

Ушуга удаа эле бирден-бир популярдуу «Брент» үлгүсүнүн баасы да бир күндө 10% наркын жоготуп, шейшемби 14.00гө карата 23 доллардан төмөндөдү.

Буга байланыштуу валюта курсунда өзгөрүү байкалды. 1 доллар 76 рублден ашты.

XS
SM
MD
LG